www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

60.

Ормон хан же анын тукумдары Үмөталылар бийликте турганда ,кыргыз эли орустарга кошулмак эмес. Демек үркүн болмок эмес, булар 26 жыл бийлик кылышып, акыры орустарга кошулуп аларга каршы козголоң уюштуруп, эл үрктү. Үркүндө болуштар көтөрүлүш мезгилинде өз урууларына көтөрүлүшкө чыгыш же чыкпашына таасир берип турган. 1916 –жылкы улуттук -боштондук көтөрүлүштү жалпы жетектеген уюм же жеке инсан болбогону менен ар бир болуштуктан чыккан көтөрүлүштүн жетекчилери болгон. Ал жетекчилер көтөрүлүшкө алдын –ала даярданып, пландуу башынан аягына чейин жетектебегени менен, көтөрүлүш жалпы элдик мүнөзгө өткөндө солто, азык, бугу, саяк, сарбагыш, тынымсейит, черик, моңолдор сыяктуу уруулардын көпчүлүк болуштары эл менен бирге , элдин башында туруп, айрымдары окко учуп, кармалып, өлтүрүлүп,түрмөлөрдө отуруп, айрымдары эл менен Кытайга чейин барып, аягына чейин турушкан.

1916-жылдын 10 –августунда Дыйкан болуш башында турган Жоон -Арык, Түлкү уулу Тезекбай болуш башында турган Борукчу болуштугу жана Ниязбек болуштугунун беш миңдей эли Столыпинону (азыркы Кочкор айылы) жана ал жердеги Хахелевди солдаттары менен курчайт. Хахелев солдаттары жана куралдуу орус –кулак дыйкандары менен Столыпинону 12 - августка чейин коргоп, түнкүсүн Чүйдү көздөй качып кетишет. Столыпинодогу урушта эки жүздөй кыргыз өлөт. Мына ушул жеңиштен кийин Жоон –Арык, Борукчу, Ниязбек болуштуктары өз болуштарын хан көтөрөт. Ага эки себеп болгон. Биринчиси, Столыпинодон орус бийлиги кеткенден кийин элге жергиликтүү бийлик зарыл болуп, мындан кийинки уруштарга жетекчи керек болгон. Экинчиден, молдолор урушта өлгөн мусулмандар шейит болуп бейишке чыгыш үчүн урушка өзү кирбей, хандын жиберүүсү менен барган туура деп түшүндүргөн.Көтөрүлүш убагында хан көтөрүүдө хандар болуштардан болуп, өз уруусунун туусу бар болушу шарт болгон. Болуштар өз болуштуктарына хан болгон соң ар бир түтүн бирден жоокер бересиңер деп чогултуп Нарынга барышат.

 Борукчу элинин болушу Тезекбай Түлкү уулу Нарынга Анжияндан солдат келатканын угуп,элин таратып Кытайга качып кетет. Кийин Убактылуу Өкмөт мезгилинде, 1917- жылдын апрелинде, эл Кытайдан кайра келе баштаганда, качкындарга жардам беребиз деп алдап, Столыпинодогу көтөрүлүшкө жетекчилик кылган жыйырма төрт кишини кармашып, болуштарын баш кылып Токмокко алып барышып атып салышат. Кочкордо (Столыпино) болгон уруш жалпы эле теңиртоолуктарга дем берген. Ошол көтөрүлүштөн пайдаланып Кара -Үңкүрдө Мамбетжан Карач уулу ажы элин, Эсенгул Байгазы уулу субан элин көтөрүлүшкө даярдайт. Эсенгул, Байгазы, тынымсейит элинин болушу Байзак Мырза уулу үчөө Ак –Мойнок деген жерде Нарынды басып алуу жөнүндө сүйлөшөт. Дагы бир тынымсейиттин болушу Садыр чыккынчылык кылып буларга кошулбай качып кетет. Нарын дарыясынын жээгинде жашашкан чоро саяк элдери да көтөрүлүшкө катышпай, ал эмес Чоро элинин болушу Казымбек көтөрүлүшкө катышкандарга кыянаттык кылып, участкалык пристав Хахелев менен бир тилге кирип, уулун орус солдаттарын баштап келүүгө Анжиянга жөнөтөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости