www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Курултай боюнча мыйзамды түртмөлөп өткөрүү аракетин көрүп жүрүп, октябрдагы окуяда Жогорку Кеңештин качып кеткенин айткан. Бул сөзү эл өкүлдөрүн катуу арданткан. Ошол кезде Чолпонбек Абыкеевге жооп бере албай, ич күптүүсү ичинде калгандар чукулда аны катуу жемеге алышты. Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Абыкеевди калпычы деп сынга алды. Нурбек Сыдыгалиев президенттин кеңешчисин “төңкөрүш болсо депутаттар качып кетет” деп айтканын эске салды.
Буга чейин Абыкеев комитетте “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда өлкөдө бир нерсе болуп кетсе депутаттар качып кетерин айтып, мындайда курултайчылар чогуларын билдирген. Бирок ал парламенттин жыйынында андагы айткан сөзүнөн танып, “мен антип айткан эмесмин” деп чыкты. Буга эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиевдин ачуусу келип: "Мен ойлойм, президенттин жанында калпычы, алдамчы адам жүрбөш керек. Президенттин жанында калп айтпаган, чындыкты сүйлөгөн, бетке айткан кишилер", - жүрүш керек деп тилдеди.
Эсенбай эсепчи тууралуу жазып калчу Чолпонбек Абыкеев ушундай дептуттарга аралашпай эле койсо. Анын айтуусундагы Эсенбай эсепчи кызыктуу. Илгери 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. ““Кемпир ыйлаак” биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет. Алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот. “Кемпир ыйлаак” “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам”- деп шерт кылып келет тура. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин..” – деп жатпайбы.
“Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак” 20 сынан 26 – февраль ичинде борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби, мени кетти дебегиле 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет.
Өркөчү менен тайлак калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Куйругу менен козу калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Эмчеги менен кыз калыптыр кокуй…
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр кокуй
Алалбаптырмын… алалбаптырмын…
Очок кучактаган чалга алым жетпептир кокуй
Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир кокуй
Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын…
Бурганактуу борошо бороон кылбаптырмын
Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин
Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн… деп боздоп ыйлап кар борошолотуп буй түшүрүп кетет имиш.
Кыргыздарда макалды таамай айтышат. «Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат» -дейт. 11-март токсон чыккан күнү, жамгыр аралаш, сары кар жаап, эски кардын барын шыпырып кетет. Кыргызча айтканда кыш кетти эсептелип, жаз башталат. «Токсон чыгып, томуктай кар калбай калды» - дешчү экен кыргыздар. Кыргыздар “Токсондун түшкөнү жаман, чилденин чыкканы жаман”- дешет. Бул калетсиз сөз. 11-декабрдан 11-мартка чейин токсон күн токсон деп аталат. Ушул мезгилде кар жаап катуу суук болот. Токсон да, чилде да айрым жылдары 3- күндөн 7 -күнгө чейин эрте же кеч келип жылышып калган учурлары кездешет. Негизинен туура эле келет. Жылдыз санап мезгилдин тамырын кармап, кышта жаз, жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болоорун астына ала айтып койгон ата бабабыздан калган өнөр тилекке каршы жок болуп баратат.
Эл ичинде «жалган куранда жалама айран ичилет» -деген сөздүн мааниси, кыштын аягында эрте туулган малдын сүтүн пайдалана баштаган мезгилди билдирет. Үркөр так төбөгө келгенде кыш аяктап калат, андан соң токсон түшөт, ушул учурда жерде тоң кармалып турат. Кыш чилдесинен соң “Кемпир ыйлаактын” ичиркенген суугунан кийин 26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Мына ушул «Токсондогу чал» да жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу. Жаз эрте келеби же кеч келеби. Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тийеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу. Эсенбай эсепчи ушул «Токсондогу чалдын» ар бир күнүн санап кандай сыр көрсөтүп, өзгөчө байкаган. Эсте сактаган. Ошондуктан ал тууралуу нечен легендалар айтылып калган. “Токсондогу чалдын” мезгилинде бирде күн жылуу болсо бирде сары карлап, бирде жамгырлайт. Муну “Токсондогу абышка онтоп, ары - бери бир ыптасынан экинчи ыптасына оодарылып атат” - деп коюшат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg