www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Сулайманов кимге аң казгысы келет

Сулайманов Ысык-Көлдүн губернаторлугунан ооп калган соң, бийликке аң каза баштады. Ал эреже боюнча кайрадан парламентке депутат болуп келмек. Бирок ага ким ордун бошотуп берет? Ошентип ай-талаада калган Сулайманов Жанар Акаев сыяктуу бийликти жек көргөндөр менен биригип жинин бийликти жамандоо менен өткөрүүдө. Сулаймановдун кыргыз үчүн күйгөндүгүнөн бир ооз кеп...

 Кара Жорго бийи кыргызга таандык. Ата-бабабыз илгери эле талма бий, жинди бий, мерген бий, жайлоо бийи деп бийлеп келишкен. Кара жорго ошол бийлерден алынган эле бийлердин бири. Аны казак туугандарыбыз биздики деп менчиктеп жатышат. Казактар "Кара жоргонун"- музыкасын монголдордун күүсүнөн алышкан. Бий болсо биздики. Бир гана жери бизде бий Кара жорго деп айтылган эмес, биз мындан ары Кара жорго- дебей, кыргыз бийи деп айтышыбыз керек. Бул бийге  учурунда Алтынбек Сулайманов демөөрчү болуп, Султан Садыралиев ырын аткарган.

Учурунда Алтынбек Сулайманов Рысбек Жабировду  чакырып, ага казактардын КТК каналын көрүп отурсам, аттуу- баштуу казактын маданият өкүлдөрү чогулуп алып, "кыргыздар биздин Кара жорго бийибизди биздики болгон деп талашып жатышат, биз эмне кыргыздардын Манасын биздики деп талашып жатабызбы"-деп талкуулап жатышат. Сен буга чейин Ак калпагыбыз боюнча жакшы демилге көтөрдүң эле, эми ушул Кара жорго бийи боюнча да бир жакшы ыр жаздырып, клип тартып койбойсуңбу, акчаңды мен берейин, көп болсо жыйырма миң доллар кететтир, улуттук ар намысыбыз үчүн мен жыйырма миң долларды бергенден качпайм"- дейт. Чынында Рысбек Жабиров клипти тарткысы келген эмес. Себеби, биринчиден убакытты алат, экинчиден аябагандай жоопкерчиликтүү иш болгондуктан, кылдат иштеш керек. Алтынбек мырзага айтып, баш тартайын деген да ойго келет. Алтынбек Сулайманов болсо, "канча акча кетээрин толук эсептеп кел, мен акчаңды берейин"- дейт. Ошентип, ырдын, клиптин тартылуусуна жумшала турган каражатты эсептесе жалпысынан 50 миң доллар кетмей болот. Сметаны Алтынбекке алып барса, ушунча болуп кеттиби деп күлүп, 50 миң долларды мына сага деп алдына таштап клип тартуулуга кам көрөт. Жоопкерчиликти, акчаны алгандан кийин иштебесе болбойт да. Рысбек Жабиров жанталашып иштеп баштайт. Биздин бийчилер таарынышпасын, Рысбек Жабировдун айтуусунда  буту колун кыймылдатканды билгени менен, кыргыз бийин, Кара жоргону кантип бийлешти билишпейт экен. Кытайда Рысбек Жабировдун  тааныш достору бар эле. Бий боюнча бир топ жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жатышкан. Кытайдын эмгек сиңирген артисти деген наамга дагы ээ болушкан. Ошол достору менен байланышып, акысын төлөп берип, биздин он хореографты Кытайга алып барып бий боюнча окутуп келет. Алар келип, башка бийчилерге үйрөтүштү. Кытайга алып барып окутуп келүүгө эле 17 миң доллар кетет. 75 бийчини алып Кыргызстандын жети дубанына барып тартышат. Бийчилерди алып жүргөн андан азап экен. Бирөөнүн ичи ооруса, бирөөнүн башы ооруйт. Ата-энесине аман соо алып барып берсем экен деп Рысбек Жабиров сарсанаа болуп жатып чарчайт. Мобу турган Буранага барып тартып келиш үчүн эле 2 миң доллар сарпталды. Андан тышкары вертолет менен тарткан учурлары да болду. Мунун баарына эле бир топ каражат жумшалат экен. Эгер каражат 50 миң доллардан да көп болгондо, клип мындан да жакшы болмок. 
Ырды Кыялбек жазып, аны редакциялашат. Ырдайбыз деген ырчылар көп эле чыгат. Султан Садыралиевден башка үч-төрт ырчы ырдайбыз дешет. Бирок бирөө дагы Султан Садыралиевдей ырдай алышкан жок. Султан Садыралиев жакшы ырдагандыктан, Султанды тандап алышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости