www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суваналиев шайлоо болсо эле жетип барып мурдун  тыгат, бирок шайлоодон 500-600 эле добуш алганы менен Суваналиевдин супсуну эч качан суубайт. Бакировду парламенттен депутаттыктан айдап салды деген кабар угулар менен Катани алаканын ушалап, капчыгын каңтарып парламенттик шайлоого кызуу даярдана баштаган.Ош облусундагы бир мандаттуу Көк-Жар округунда кайра шайлоо өтпөйт. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакировдун ордунда Равшанбек Рысбаев Жогорку Кеңештин депутаты болот.

Шайлдабекова шарактаткан БШК Бакировго карата чыгарылган сот чечимдерин карап, анын негизинде депутат кылып каттаган чечимди жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгарган. Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган. Бакиров бул чечимди «мыйзамсыз» деп атаган.

2021-жылы ноябрда аралаш системадагы парламенттик шайлоодо бул округдан жети талапкер ат салышкан. Алардын бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын аягында сотко Бакировду добуш сатып алууга айыптап кайрылган жана анын мандатын жокко чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Эмки депутаттыкты талашуу Түштүктө башталбай калды. Депутаттар чемирчкедей чагыла баштады. Ленин округунда шайлоо кызуу жүрүп жатат. Ошол эле кезде Жогорку сот Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Борбордук шайлоо комиссиясы жакында жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу тууралуу соттун чечимдерин карады.

Анда мекеменин Бакировду депутат кылып каттаган чечимин жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгаруу тууралуу токтомдун долбоорун жыйынга катышкан БШКнын 12 мүчөсү тең бир добуштан колдоду.

Бакировдун өкүлү Бакытбек Мажитов сот жараяндарында депутаттык мандаттан ажыратууга негиз болгон жагдайлар аныкталбаганын билдирди.

"Мыйзамдарда депутаттык макамдан ажыратууга негиз болгон 11 берене бар. Ошол негиздер соттордо аныкталган жок. Мындан 20 ай мурун өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу - бул элдин үнүн, 10788 шайлоочунун тандоосун жокко чыгарууга барабар. Бул уникалдуу соттук тажрыйба болуп жатат. Биз жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деп кайра эле сотко кайрылганбыз, азырынча аны кабыл алуу же албоо маселеси чечиле элек",- деди Мажитов.

Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4  Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган

Андан бир айда мурда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Бишкектин административдик соту чечимди 7-июнда чыгарган. Соттордо БШКнын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости