www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гиннес китебине эптеп-септеп кыңылдап атып кирген манасчы Рысбай Исаков, Манастын ашын өткөрүү керектигин айтып, социалдык баракчасына пикир калтыргандан кийин, коомчулукта талкуу боло баштады.
"Айрым манасчыларда Манастын ашын өткөрүү эпизоду болгону менен негизги варианттарда жок. Баатырдын көзү өткөндөн кийин Каныкей Букарга качып, Семетей бешикте калат. Эр жетип, мекенге кайрылып келгенден кийин да ички кагылышуулардан бошобойт. Анан кун алуу үчүн Бээжинге аттанат. Кийин колтугунан Канчоро кастык кылып, капилет кайып болот. Сейтектин тагдыры да бөтөн жерде, башка бирөөнү ата деп өсүү менен уланат. Андан ары окуяны тизмектей берүүнүн кажети жоктур. Айтайын дегеним, кыргыз кыргыз болгону, атайын Манас атабызга арнап аш берген эмеспиз. Эпостук каарманга да аш береби? Бул ойдон чыгарылган каарман да, тарыхый инсан эмес го дегендер четтен чыгары белгилүү. Бирок мен бул сөздү Манас атабызга чындап ишенгендер үчүн жаздым", - деп билдирүү калтырган манасчы Исаков өзүнүн баракчасына.
Өлө албай жатып өлөң айткан Рысбай Исаковдун бул жоругу коомчулукка жага берген жок.
Соцтармактын колдонуучусу Азизбек Давлатов: - "Аш бербей өл, сен эле калган болчусун аш той бербеген, эл ачка кымбатчылык болуп жатса тойдон башыбыз көтөрүлбөй калды. Аш бергиче ГСМди азык-түлүктү арзандатып айлыкты, пенсия пособияны көтөрбөйсүңөрбү!" – деген пикир калтырган.
Булак: NazarNews.kg