www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык жана кадрдык маселелер боюнча токтом долбоорлору каралып, кабыл алынды.

Парламент “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү системасында жеңилдиктерди берүү тууралуу токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин колдоду.

Депутат Медер Чотонов белгилегендей, документке ылайык “Баатыр эне” ордени бар энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү мекемелеринде 100% жеңилдик берүү каралууда.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин курамына талапкер көрсөтүү жөнүндө токтом долбоорун да жактырды.

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев “Ала-Тоо” депутаттык тобу тарабынан бул кызматка Абдупата Маткаликовдун талапкерлиги сунушталганын билдирди.

Ошондой эле депутаттар “Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө” токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документти да кабыл алышты.

Парламенттин маалыматына ылайык, кабыл алынган чечимдер мамлекеттик социалдык саясатты жакшыртуу жана өлкөнүн өнүгүү институттарынын ишин оптималдаштырууга багытталган.

Последние новости