www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Грузияга болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн Салык кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын максаты — эки өлкөнүн салык органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана салыктык башкаруу жаатындагы кызматташууну кеңейтүү болуп саналат.
Сапардын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов Грузиянын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер кызматынын жетекчиси Михаил Маглакелидзе менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулады.
Жолугушууда Шыкмаматов Грузияда жүргүзүлгөн салыктык жана бажылык реформалардын натыйжаларын жогору баалап, аларды натыйжалуу башкаруунун ийгиликтүү үлгүсү катары белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстанда салык кызматын модернизациялоо активдүү жүрүп жатканын, санариптик кызматтар киргизилип, тобокелдикке негизделген механизмдер өркүндөтүлүп жатканын баса белгиледи.
Өз сөзүндө ал Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө токтолуп, акыркы жылдары салыктык түшүүлөрдүн олуттуу көбөйгөнүн жана өлкөдө салык режими салыштырмалуу ыңгайлуу экенин айтты.
Өз кезегинде Грузиянын Кирешелер кызматынын башчысы Михаил Маглакелидзе эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди белгилеп, реформалар боюнча тажрыйба алмашууга кызыгуу бар экенин билдирди.
Сапардын алкагында грузиялык тарап кыргыз делегациясына мекеменин түзүмү, реформалары, аналитикалык жана операциялык ишмердүүлүгү боюнча презентацияларды сунуштады.
Иш сапардын жыйынтыгында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы менен Грузиянын Кирешелер кызматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документ салыктык башкарууну өркүндөтүү, санариптештирүү, аналитика жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу багытында кызматташууну кеңейтүүнү карайт.