www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов бүгүнкү өзгөрүлүп жаткан Текебаевдин Конституциясын сүйгөн жок, бирок кээ бирөөлөргө окшоп ачык айта албады, өзүнүн жалдап алган бок ооз депутаты Бокоевдердин оозу менен айттырып жатат. Эмнеге Бабанов бул Конституцияга каршы? Анткени, Бабанов президент болгусу келген, арийне турмуш ага жылмайган жок, 2017-жылы абиси Алмазбек досу экөө шыйрактан кармап чаап салды эле, эси ооп Москвада качып жүргөн жеринен эсине келип, «Азиямолл» соода борборун берип жатып араң бошонгон. Бул ирет да октябрь чаң тополоңун пайдаланып бийлик башына келүү далалатын такымга чаап салып, андан да кур калды. Ошол күнү жин оорум кармап калып Атамбаевге кошулуп кетиптирмин деп араң кутулган. Бирок, байлыкка туйтунганды жакшы көргөн Бабановго анын оюу боюнча премьер-министрлик эп. Бул ирет ал маалымат каражаттарында өкмөт башчысын алуу үчүн айыгышкыс күрөшкө чыккан. Арийне, жаш саясатчы Марипов алдыга чыгып кетти. Эми Конституцияда өкмөт башчысын алып салса, Бабановго кайсы кызмат буюрат?

Бабановдун жетегинде келаткан Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Конституциянын жаңы долбоорунда сунушталган айрым беренелерине каршы чыкты. Ал Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары берген сунуштары өтпөй калганын, андыктан аягында добуш берүүдө өзгөчө пикирин билдиргенин айтты.

Депутаттын сунушу:

• Референдум президент эмес азыркы Баш мыйзамдагыдай эле Жогорку Кеңеш тарабынан атайын мыйзам менен дайындалсын. Себеби буга чейинки тарыхта ушундай кооптуу жагдай жаралган;

• Соттор президент аркылуу эмес, түз эле парламент тарабынан шайлансын. Такыр болбой калса Сотторду тандоо кеңеши көрсөткөн талапкерлерди президент артка кайтаруусуз жактырышы керек;

• Конституциялык жана Жогорку соттун төрагасын дайындоону президент эмес, соттор өздөрү добуш берүү менен тандап алышы керек;

• Борбордук шайлоо жана Эсеп палатасынын курамын дайындоону парламентке бериш керек. Себеби аткаруу бийлигин башкарган адам тарабынан дайындалган адам кантип өздөрүн текшере алат;

• Аткаруу бийлиги толук президентке берилип жаткандан кийин башкы прокурорду президент эмес, парламент дайындашы керек;

• Жогорку Кеңештин төрагасын кызматтан кетирүүдө көпчүлүк добуш менен эмес, депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен кетиши керек.

Депутат жогорудагы талаптар кошулган болсо бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук сакталарын айтты. Жаңы Конституцияны демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен долбоорду талкуулашып Бокоев менен Бабановдун жүзү ачылды.

Ал эми Бабановдун «Республика» партиясын жетектеп келаткан Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Баш мыйзамдын Конституциялык кеңешме иштеп чыккан жаңы долбоорунда өлкөнү башкаруу функциялары туура эмес бөлүштүрүлгөн деп эсептейт. Мындай пикирин ал парламентте Конституциянын жаңы долбоору талкууланып жатканда кеңешменин мүчөлөрүнө айтты: “Вице-президенттик кызмат, классикалык формасында, эгер мисалга Американы алсак, ал Сенаттын жетекчиси. Ал президентке тең тайлашкан адам. Силер өзүңөрдүн Конституцияңарда ал президент түзө турган администрацияга караштуу болорун жазыпсыңар. Ошол мамлекеттерде вице-президентти парламент кошо дайындайт. Сиздер көрсөткөн структура султан Сулаймандын диванына көбүрөөк окшоп калган”.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости