www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Никитенко: «Баары президенттин колунда»

Депутат Наталья Никитенко 14-февралда парламентте Конституциянын жаңы долбоору талкууланып жатканда сунушталып жаткан башкаруу системасы монархиялыкка окшош экенин билдирди.

«Система көбүнесе президенттик же супер президентикке да эмес, монорхиялык модельге окшош - бардыгы президенттин колунда. Ал аткаруу бийлигинин башчысы, сот бийлигин түзүүгө катышат, парламент алсырай түшкөн шартта пирамиданы элестетсе болот - президент, сот бийлиги жана чексиз ыйгарымдарга ээ прокуратура», - деди ал.

Никитенко парламент алсыратылган мындай системаны колдобосун айтты. Эл өкүлү президенттин-министрлер кабинетинин башчысынын жоопкерчилиги боюнча маселеге да токтолду.

«Парламент өкмөттүн ишин канааттандырбай койду дейли. Бул жаатта президент эмне кылат? Ал министрлер кабинетин отставкага кетирүүнү чечет, маңызы боюнча ал аткаруу бийлигинин башчысы - ошондо эмне, ал өзүн-өзү отставкага кетириши керек болобу?» - деп кошумчалады депутат.

Конституциянын жаңы долбоору көп убакыттан бери юристтер жана коомчулук тарабынан сындалып келет. Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү долбоордун толукталып, кайрадан иштелип чыккан вариантын сунушташкан.

Бирок юристтер долбоордо бийлик бутактарынын ортосундагы кармоо жана тең салмактуулук системасы «жок кылынган» деп белгилешет. Бул өз кезегинде мамлекеттик бийликтин туруктуулугу менен бекемдигине жана адам укуктары менен эркиндиктеринин кепилдигин иш жүзүнө ашырууга «олуттуу» коркунуч жаратат.

Жаңы Конституциянын эң башкы демилгечилердин бири президент Садыр Жапаров болгон. Мындан тышкары, ал депутаттардын колдоосу менен башкаруу формасы боюнча референдум да демилгелеген - референдумда президенттик башкаруу формасы жеңген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости