www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Нурлан Абдрахманов 17-февралда Стамбул, Анталья, Измир жана Бурса шаарларында жайгашкан диаспора уюмдарынын өкүлдөрү менен видео конференция аркылуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консул 2020-жылда аткарылган иш-чаралар боюнча жыйынтыктарды баса белгилеп, үстүбүздөгү жылга коюлган пландарды: Түркияда жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзам ченеминде коргоо, консулдук өкүлчүлүктү башка шаарларда ачуу, кеңейтүү, диаспоралык структуралар менен тутумдуу иштөө боюнча так маалымат берди.

Мындан тышкары, катышуучулар ортосунда консулдук жана социалдык маселелер боюнча суроо жана сунуштар талкууланды. Кыргыз жарандарынын Түркияда мыйзамдуу калуусу (иш визасы, убактылуу же туруктуу жашоого берилген виза) жана Кыргызстанда алдыда боло турган шайлоо процесстери боюнча пикир алмашуу болду.

Катышуучулар мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз уюштуруп туруу керектиги чечимине келишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости