www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Мариповдун «карышкырга кой кайтарткан» алешемдиги

Садыр Жапаров баш, Улукбек Марипов төш болгон бийлик 48 мамлекеттик уюмдардын ичинен 16сын калтырып, реформасын баштап киришти. Өткөн жумада премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн токтому менен бир айлык мөөнөткө министрлик менен ведомстволорго структурасын жана штаггык бирдиктерин бүтүрүп, өкмөттүн кароосуна киргизгенге тапшырма берди. Мурунку өкмөттүн структурасында министрликтер, комитеттер жана агенттик жетекчилеринин үчтөн орун басарлары жана бирден статс-катчылары болгон.

Кулагыңызга күмүш сырга, Улукбек мырза, оптимизация реформасын «мекеменин структурасын жана штаттык бирдиктерин өзүңөр чечип келгиле» деп жетекчилер менен орун басарларына жана статс-катчыларга берип, «карышкырга кой кайтарткандай» эле болдуңуз. Себеби, алар «кол ийрисине тартат» болуп, өздөрүнүн кызмат ордун кантип сактап калуунун айла-амалын издеп жаткан чактары. Кыскартууну баягы эле карапайым адистерден баштап, «кыскартууларга эмитен даяр болгула» деп кулак кагыш кылып жаткан имиш.

Урматтуу Улукбек Асамидинович, мекеме, ведомстволордун орун басарларын, статс-катчыларын мүмкүн болушунча жаңы кадрлар менен толуктаңыз. Себеби, булардын ушул убакка чейин чеке жылытарлык иштери жок, дагы деле бийликте калууга жандалбастап жатышат. Жетекчи алмашса деле булар ошол бойдон кала берип, алды 10-15 жылдан бери иштеп келет. Анан ушулар мамлекетке реформа кылып жыргатабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости