www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашкабак ден соолукка эң пайдалуу жашылча

Ашкабак ден соолукка эң пайдалуу жашылча. Анын курамындагы биологиялык активдүү заттар организмден жаман холестеринди бөлүп чыгарууга жардам берип, жүрөктүн тынымсыз иштеп туруусун жакшыртат. Бул тууралуу диетолог Светлана Фустун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

Адистин айтымында, ашкабак көздүн көрүүсүн жакшыртып, рак клеткаларынын өсүшүнө жолтоо боло алат.

"Ашкабактын сары жана сары-кызгылт түстөгү түрүндө сабиздики сыяктуу бета-каротин көп. Ал организмде А витаминине айланганда көрүү, иммундук реакция бекемделет. Ошондой эле витамин организмди айланадагы агрессиядан сактай турчу табигый антиоксидант болуп саналат. Эң негизгиси — клеткалардын залалдуу шишикке айланып кетүүсүнө тоскоолдук жарата алат", — деген медик.

Мындан тышкары, аталган жашылчада темир, цинк, фосфор жана жез көп экенин адис кошумчалаган. Анын айтымында, бул заттар ич катып калган учурда ичегинин жакшы иштөөсүнө жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости