www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Байден эл алдында эмөөдөн өтөт

АКШнын жаңы шайланган президенти Джо Байден эртең, 21-декабрда көпчүлүктүн катышуусунда коронавируска каршы эмдөө алат. Жараян түз эфир аркылуу чагылдырылат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Жен Псаки билдирди.

78 жаштагы саясатчы жана анын жубайы эмделүү үчүн «Biontech» жана «Pfizer» компаниялары өндүргөн вакцинаны тандашкан.

Псаки мындай ачык жараян коомчулукка вакцинанын коопсуздугун далилдөө үчүн жасала турганын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын вице-президенти, кызматтан кетип жаткан Майк Пенстин «Biontech» жана «Pfizer» вакциналарын алып жатканы түз эфирде чагылдырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости