www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында тоо текелерине аңчылык кылгандар көбөйүп жатат

Өкмөт аңчылык кылууга тыюу салынган жан-жаныбардын тизмесин кеңейтип, айыптын өлчөмүн көбөйттү.

Мындай түзөтүүлөр жаратылыштын ар түрдүүлүгүн сакташ үчүн жана жаратылышты туура пайдалануу жаатында мыйзамдарды, талаптарды сактоо максатында кабыл алынды. Ошондой эле бул демилге Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо жагынан жоопкерчиликти күчөтөрү айтылууда.

Ушул күндөрү Кыргызстанда уруксат берилген аңчылык сезону жүрүп жатат. Тоо текеге жана кекилик, чил, өрдөк сыяктуу канаттууларга ууга чыгууга уруксат алгандар тоо-токойлордо аңчылык кылып, кайберендерди кокту-колоттордо бутага алып жаткан кези.

Нарын районунун тургуну Кенжебек Төлөгөнов тоого келген аңчылар күндөн-күнгө көбөйүп жатканын айтты. Ал аңчылардын туш келди атылган огунан жапайы жандыктар жер которуп, жаратылыштын кунары кетип жатканына кейиди:

«Негизи аңчылык кылгандар көп эле. Биздин өрөөндө мурун кекилик, чил жана кыргоол дегендер көп болчу, жыл өткөн сайын азайып баратат. Быйыл ооруга байланыштуу мергенчилик кылгандар аз болот деп ойлогом, бирок андай болгон жок. Биринчи кар жааган күндөн тартып эле жер жайнап келе баштады. Уруксат кагазы барбы-жокпу, аны деле сураган киши жок, тарсылдатып аткылап эле жүрүшөт»-дейт Кенжебек Төлөгөнов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости