www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ФОТОРЕПОРТАЖ - Опера ырчысы Артык Мырзабаев эскерилди

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында СССРдин эл артисти, залкар опера ырчысы Артык Мырзабаевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Кечеге Президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана Артык Мырзабаевдин сахналаштары, замандаштары, шакирттери, туугандары катышты.

Кече Артык Мырзабаев көзү тирүүсүндө аткарып жүргөн опера арияларынан жана вокалдык чыгармалардан, дүйнөлүк вокалдык-классикалык чыгармалардан турган концерт менен коштолду.

Артык Мырзабаев 1930-жылы Чүйдүн Кызыл-Аскер айылында жарык дүйнөгө келген. 1949-1954-жылдары Фрунзедеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында билим алган. Мырзабаевдин эмгек жолу студент кезинде эле филармониянын хоруна солист болуп иштөө менен башталган. 1954-жылы окуусун аяктагандан кийин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына ишке кабыл алынган. Ал алгач «Айчүрөк» операсындагы Семетейди аткарып чыккан.

Мырзабаев баритон үчүн жазылган орус жана чет элдик классикалык опералардын бардык, айталы, «Фаусттагы» Валентиндин, «Травиатадагы» Жермондун, «Лакмедеги» Фредериктин, «Дон Карлостогу» Родриго ди Позанын, «Иолантадагы» Роберттин, «Евгений Онегиндеги» Евгений Онегиндин, «Кармендеги» Эскамильонун жана башка ушул өңдүү көптөгөн партияларда ойногон.

Артык Мырзабаев өзгөчө уккулуктуу баритон үндүн ээси гана болбостон, таланттуу дарамалык актер катары да таанылган. Ар бир партияда ал көрүүчүлөрдү  өзгөчө керемети үнү менен гана эмес, эң сонун, жеткиликтүү аткарылган драмалык ролдору аркылуу да тартып турган. Залкар ырчы катышкан опералык спектаклдер замандаштары үчүн эстен чыккыс элес калтырган.

Эске салсак, Мырзабаев 2005-жылы дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости