www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын шайланган президенти Джо Байдендин командасына АКШнын мамлекеттик мекемелерине жасалган "киберчабуулдар" боюнча документтер жетти. Ага Орусиянын тиешеси бар көрүнөт.
АКШнын Улуттук коопсуздук министрлигинин хакерлерге каршы бөлүмү билдиргендей, Байдендин командасы буга чейин кибер чабуулдар боюнча кыскача маалымат алган. Конгресстин эки палатасынын тең мүчөлөрү бирдей маалымат алышканы айтылды.
Өлкөнүн расмий өкүлдөрүнө Москвага каршы чара көрүлүшү үчүн кысым күчөп жатат. Ошол эле учурда чиновниктер өзүлөрү коопсуздуктун аялуу жерлерин жоюп, күнөөлүүлөрдү табууга аракет кылышууда”, - деп жазат чет элдик басылмалар.
Эске салсак, 14-декабрда орусиялык хакерлер АКШнын Улуттук Коопсуздук Министрлигине кол салышкан жана департаменттеги ички байланышка кирүү мүмкүнчүлүгүн алышкан.
Бул кол салуу өнөктүктүн бир бөлүгү АКШнын Каржы министрлиги менен Улуттук телекоммуникация жана маалымат башкармалыгынын тутумдарын бузуп кирген.
Бул арада Москва америкалык департаменттерге жасалган хакердик чабуулдар боюнча айыптоолорду четке кагып, аларды негизсиз деп жатышат.
Булак: NazarNews.kg