www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көкүрөгүбүз сайгылашып, кан басым көтөрүлүп, дем кыстыгуу… Болжолу биздин инфаркттын белгилери тууралуу элестөөбүз ушундай болсо керек.

Жүрөк кармап калган учурдагы башка белгилер — колдогу, моюндагы оору, баш айлануу, муздак тер. Бирок ар дайым эле ушундай боло бербейт. Окумуштуулар мындай белгилер байкалбаган дагы инфаркт болорун көрсөтүүдө.

Гарвард университетинин окумуштуулары мындай учурлар дарыгерлер болжогондон дагы көп болорун айтып чыкты. Жүрөктөн приступ болгон учурлардын дээрлик жарымы (45%) байкалбаган абалда (SMI — silent myocardial infarction) өтөт. Көбүнчө буга кабылгандар эркектер.

«SMI симптомдору өтө байкалбаган абалда жана кыска мөөнөттө болгон үчүн адаттагы эле дискомфорт катары кабыл алынат. Эркектер ага маани деле бербей коюшат»,-деп түшүндүрөт Гарвард университетинин профессору Жорж Плацки.

Маселен, эркектер өзүн физикалык жактан алсыз сезип турган абалын көп учурда чала уйку, оор жумуш же жөн эле жаш өткөндөгү организмдеги өзгөрүүлөргө шылтап коюшат. Кээде зарына болуп жатам, тамагым сиңбей жатат деп коюшат. Айталы, көкүрөгүңүздүн сол тарабы сайгылашып ооруса, сиз жүрөк ооруп жатат деп сезесиз. Ал эми «байкалбаган инфаркт» болгону бир аз гана кишини ыңгайсыз кылганы болбосо, катуу деле оору сезилбей калат.

Мунун белгилери:

  • Көкүрөк клеткасында чымыраткан оору, бир аз убакытка гана созулуп, кайра кайталанат;
  • Дененин жогорку бөлүгүндөгү дискомфорт. Маселен, колдогу, белдеги, ичтеги, моюн жана ээктеги сайгылашуу;
  • Көкүрөктөгү сайгылашуудан кийинки дем алуунун кыйындашы;
  • Күтүүсүз муздак тер, баш айлануу жана көңүл азуу

Бул иликтөөнүн жыйынтыгы америкалык медицина ассоциациясынын журналына жарыяланды.

Дарыгерлер жүрөк, кан-тамыр ооруларынан жабыркаган 45тен 84 жашка чейинки эки миңдей эркек жана аялды 10 жыл бою иликтөөгө алышкан.

Эркектер аялдарга салыштырмалуу беш эсе көп «байкалбаган инфаркт» алышкан. Иликтөө тыянактарында SMI — «байкалбаган инфарктка» жеткире турган фактылар деле адаттагы инфаркт сыяктуу эле: чылым чегүү, ашыкча салмак, физикалык кыймыл-аракеттин аздыгы, жогорку кан басым, холестерин менен диабеттин деңгээли.

«Байкалбаган инфаркттан» кийин жүрөк начар иштей баштайт. Андан кийин көйгөй жарала берет. Көптөр аны сезбеген үчүн медициналык жардам алуу үчүн кайрылбайт. Анын кесепети олуттуу болушу мүмкүн. Дарыгерлердин муну аныкташы татаал деле эмес. Бул үчүн кардиограмма же жүрөктү УЗИге текшерүү жетиштүү болот.

Булак: Леди.кж

Последние новости