www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байларга сабак болсо кана, атаганат

Ар бир улуттун чыгаан бизнесмендери болот. Өзбек калкынын бактысына жаралган адамы бар экен Алишер Усманов деген. Орус жергесинде жашап жүрүп миллиарддаган байлыкты чогултуп алган бул таанымал бизнесмен жакында дагы бир элди таң калтырган демилгесин айтып чыкты. Усманов бүткүл жыйнаган байлыгын мураскери жоктугуна байланыштуу өз элине-өзбектерге өткөрүп берүүгө даяр тура.

Буга чейин эле ал мыкты спортчуларга, таланттуу жаштарга, улуу муундагы атактуу кишилерге колдоо көрсөтүп келген. Мына ушуга окшогон мекенчил инсандардын болгону журтчулук үчүн пайдалуу болору калетсиз. Биздин байлар болсо өзүнүн гана кызыкчылыгы менен алек. Ошол үчүн Теңир бизге көктү челген байларды эмес, Чыңгыз Айтматовго окшогон алп жазуучуну берген турбайбы. Буйруса оболу жан дүйнөбүздү тазалап, анан гана байлыкты топтоого умтулабыз.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости