www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек араңа саксыңбы, КЫРГЫЗЫМ?..

13 - март күнү Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун токтотуу талабы менен чогулушту. Чек арага жакын топтолгон тажикстандыктарды кошуна өлкөнүн күч кызматтары, чек арачылары көзөмөлдөп турушат. Кыргызстан тараптан да аксайлыктар топтолгон. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү абал туруктуу экении, эки тараптан чогулган жүздөй кишини таркатыш үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдиришти. Негизи, жыл сайын жазга маал түштүктө чек ара маселеси курчуйт. Мунун себептери эмне жана чечилбеген кайсы көйгөйлөр бар? Ушул суроолордун тегерегинде айрым серепчилерди кепке тарттык.

- Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү менен чектешкен аймактары көп. Айрымдары алиге чейин такталып бүтө элек. Делимитация, деморказдия кылыл, чек ара көйгөйүн чечип койбосо болбойт. Антпесе, канча жылдан бери бул маселелер көтөрүлүп, курчуп, кайра басылып эле келе жатат. Чек ара маселеси такталмайын, коңшулаш бир туугандардьш ортосуңда жакшы мамиле да түзүлбөйт.

Ансыз ушинтип суу талаш, жер талаш, жайыт талаш болуп эле чыр-чатак токтобойт. Азыркы күндө биздин бийлик коңшулаш мамлекеттердин башчылары менен жакшы мамиледе. Бул маселеде түзүлгөн, атайын иштеп жаткан комиссия да бар. Аны өкмөттүн вице-премьер-министри көзөмөлдөйт. Чек ара боюнча иш алып барган бүтүндөй аппарат бар. Ошолор бул маселени тездетип чечиши керек. Келечек муун үчүн да жакшы. Эки коңшу айылдагы чыр чоңоюп, экн мамлекеттин ортосундагы мамилелердин бузулушуна алып келүү кооптонуусу да жаралбай койбойт.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости