www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байдендин небереси Наоми Вашингтон шаарындагы Ак Үйдөн турмушка узады. Наоми Кинг Байден Питер Хирман Нил аттуу 25 жаштагы жигитке турмушка чыкты. Бул тууралуу ABC News басылмасы жазды.

28 жаштагы Наоми Байден "Твиттердеги баракчасына Питер экөөбүз үлпөт тоюбузду Ак үйдө белгилөө мүмкүнчүлүгү үчүн чоң энем менен атама түбөлүк ыраазыбыз" деп жазган.

Салтанатка 250дөй конок катышты. Үйлөнүү үлпөт аземинен кийин 28 жаштагы Наоми менен 25 жаштагы Питер туугандары жана достору үчүн чакан той өткөрүштү.

Салтанатты жеке компания уюштурган. Анын кызматтарынын баасы 300 миң доллардан башталат. Наоми менен анын жолдошу Вашингтондо юрист болуп иштешет жана августтан бери Ак Үйдө жашап жатышат. 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости