www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн суткада өлкөдө 297 кишиден коронавирус табылып, 398 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бактыга жараша өлкөдө өткөн суткада аталган оорудан өлгөн киши болгон жок.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 77 356га жетти. Анын ичинен 70 192си айыкса, 1 307 бейтап көз жумган.

Азыркы учурда стационарларда коронавирустан 2 086 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 542 кишинин абалы оор болсо, 94үнүн абалы өтө оор деп бааланууда.

Бир суткада төрт медиктен коронавирус табылган. Анын ичинен бирөө илдетти кызыл зонадан илештиргени айтылды. Ошол эле учурда үй карантининен 11 медицина кызматкери чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости