www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Судьяларды шок кылган Физиевдин жеңиши

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC 256 мелдешинде бразилиялык Ренато Мойкананы биринчи раундда эле нокаут менен утуп, UFC уюмунда үчүнчү ирет жеңишке жетти.

UFC 256 деген аталыштагы мелдеш 13-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү. Мында Физиев 70 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Рафаэл Физиев 19-июлда Абу-Даби шаарында өткөн мелдеште британиялык мушкер Марк Диакиез жеңип алган.

"Атаман" деген каймана ат менен белгилүү Рафаэл Физиев 2019-жылдан бери UFC уюмунда мелдештерге катышып келет. Ал буга чейин аталган уюмда эки жолу беттеш өткөрүп, алгач ирет орусиялык Магомед Мустафаевге жеңилсе, экинчи беттешинде америкалык Алекс Уайтты жеңген. Физиев азери тектүү кыргызстандык мушкер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости