www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Н.Абдрахманов жана Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбул шаарынын Малтепе районундагы Ч.Айтматов атындагы сейил бакта жайгашкан эстелигине гүл коюшту.

Иш-чарага түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары С.Раев жана Малтепе районунун башчысы Али Кылыч да катышты.

Н.Абдрахманов Ч.Айтматовдун түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бир гана жазуучу катары эмес, ошондой эле залкар дипломат катары кошкон зор салымын белгиледи.

Али Кылыч өз сөзүндө иш-чараны өткөрүү демилгесин көтөргөн Башкы консулдукка ыраазычылыгын билдирип, Ч.Айтматовдун инсандыгынын улуулугун эскерип, түрк эли жазуучунун элесин ар дайым эс-тутумуна сактарын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости