www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Covid-19ду эки мүнөттө жок кылуучу ыкма табылды

Курамында цинк жана олово болгон тиш пастасы коронавирусту 99,9 пайызга жок кылууга жөндөмдүү. Мындай тыянакка америкалык окумуштуулар лабораториялык изилдөөдөн соң келишкен.

Изилдөө программасынын максаты тиш жуучу каражаттардын жардамы менен коронавирустун жайылуусун азайтууну аныктоо болгон.

Тиш пастасы эки мүнөттө вирусту жок кылууга 99,9 пайыз жөндөмдүү экенин тажрыйба көрсөткөн. Мындан тышкары, дагы бир изилдөөнүн жыйынтыктарында цетилпиридиний хлориди бар оозду чайкоочу каражат да жарым мүнөттө ушул милдетти аткара алары аныкталган.

"Кээ бир тиш пасталары жана ооз чайкоочу каражаттар ооз көңдөйүндөгү вирустун көлөмүн убактылуу азайтуу аркылуу COVID-19 оорусун пайда кылган SARS-CoV-2 вирусунун жайылышын азайтууга жардам берерин изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөн", — деп айтылат маалыматта.

Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы COVID-19га кабылган 260 бейтап тиш пастасын жана оозду чайкоочу каражаттарды колдонгон клиникалык сыноолордун жүрүшүндө тастыкталган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости