www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Мирлан Бакировго «Мекеним Кыргызстан» партиясына төрага болуп бар деп айткан. Бул тууралуу саясатчы Бакыт Төрөбаев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.

«Мен буга чейинки шайлоолорго катышып, бир топ тажрыйба топтодум. Ошондуктан саясатта кимдин кандай экенин, акты карадан ажырата алабыз.

Буга чейинки шайлоолордон кийин кээ бирөөлөр Өнүгүү-Прогресс фракциясынын күнү бүттү деген ойдо болсо керек.

Мага жеткен маалыматтарга карганда, экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бакировду «Мекеним Кыргызстан» партиясына төрага болуп баруусун сунуштаптыр. Бул тууралуу мага Мирлан Бакиров өзү да айтты, бирок, чечим кабыл алынып калгандан кийин айтты.

Мен эми аны дайыма эле жанымдан чыгарбай кармап отурмак белем. «Мен сенин колу-бутуңду байлап кармап отурамбы? Барсаң бар» деп уруксатымды бердим», – дейт ал.

Эске салсак, Мирлан Бакиров кечээ, 23-декабрда Жогорку Кеңештин вице-спери кызматын расмий тапшырды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости