www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италия: Баардык аймактар «кызыл зонага» киргизилди

Италияда соңку жума аралыгында вирус жуктуруп алгандар 112 миңге көбөйгөн. Премьер-министр өлкөнүн бардык аймагын «кызыл зона» деп атады. 24-декабрдан 6-январга чейин үйдөн эркин чыгуу, бир айылдан бир айылга каттоо чектелген, ресторан жана барлар ишин токтотту. «Жаңы жылга деп алдын ала камдап алган азыктарыбызды ыргытканга туура келди. Алдын ала сүйлөшүлгөн 80ден ашык заказды жокко чыгарганга мажбур болдук», — дейт шаардагы ири ресторандын ээси Паскуале Бомбардьери.

Кошумчалай кетсек, акыркы жума ичинде дүйнө боюнча 4,5 миллиондон ашык адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болгонун Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму билдирген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости