www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда көмүр эмнеге кымбаттап жатат?

2020-жылдын 24-декабрына карата көмүрдүн орточо чекене баалары үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына салыштырмалуу республика боюнча орточо алганда бир тонна үчүн 190,15 сомго, башкача айтканда, 4,3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-декабрына карата көмүрдүн максималдуу керектөөчү баалары Ноокат (бир тонна үчүн - 8 406,12 сом), Баткен (бир тонна үчүн - 8 068,94 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн - 7 797,44 сом) шаарларында катталды.

Ушул эле учурда минималдуу чекене баалар Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 3 700 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн - 3 500 сом) жана Чаек айылында (бир тонна үчүн - 2 500 сом) болгону байкалды.

Муну менен бирге көмүрдүн чекене баасы эң көп даражада Кербенде - тоннасы 1 917 сомго же 51,1 пайызга, Өзгөндө - тоннасы 1 371,27 сомго же 30,8 пайызга, Кара-Сууда - тоннасы 500 сомго же 9,1 сомго жогорулады .

Муну менен бирге айрым калктуу конуштарда анын баасы мурунку айга салыштырмалуу өзгөргөн жок жана мурдагы денгээлде калды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости