www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 24-декабрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы ийгиликтүү кызматташуу, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелер элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен чын дилимден куттуктайм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Талант Мамытов Ильхам Алиевге бекем ден соолук, узун өмүр жана мамлекеттик ишинде мындан ары ийгиликтерди, ал эми бир тууган Азербайжан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости