www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыста жүргөн мигрант мекендештерибиздин бир тобу дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиянын айынан жергебизге кайтып келип, иш тапсак, - деген илгери үмүт менен отурушат. Ойлору канткенде ордунан чыгып, жумуш орундары менен камсыздоо жагдайы калыпка түшөт? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева парламенттин бүгүнкү, 23 - декабрдагы жыйынында көтөрдү. Маселенин маңызын "Парламент" радиосунун угармандарына да түшүндүргөн эл өкүлү бир катар орчундуу мисалдарга токтолду. 

Парламентарий айымдын белгилешинче, мигранттардын визасынын мөөнөтүн тескеген орган өзүнчө, алардын бузууларга кириптер болуп калган жосундарын караган орган өз - өзүнчө туруп иш алып барышканы кызык? Негизги бирдиктүү система болушу кажет. Маалыматтардын жыйынтыктуу базасы (сервери) түзүлүп, андагы аткарылган иштердин анализин жүргүзүүнү кайсыл бир бөлүм өз жоопкерчилигине алышы керек. Муну миграциялык кызмат алып барса талапка туура келмек, - дейт депутат. 

Ошондой эле эл өкүлү сырттан келип жаткан легалсыз жумушчу күчтөрүн ачыкка чыгарып,  жергиликтүү жарандарды иш менен камсыз кылууга биринчи кезекте маани берилиши керек, - деген пикирин да кошумчалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости