www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер Имамидин Ташовдун үстүнөн даттануу келип түштү. Бул тууралуу маалыматты БШКнын басма сөз кызматы жарыя кылды.
Белгилүү болгондой, Имамидин Ташов 5-октябрда Бишкектеги баш аламандык учурунда каза болгон Үмүтбектин ата-энесине батир белек кылганы айтылган. "Чогултулган материалдар териштирүү үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти БШКдан.
Бирок бул көрүнүштү Ташовдун байланыш борбору четке какты. Айтымында октябрь окуясы болгондон кийин жеке ишкер, Имамидин Ташов "Ала-Тоо" аянтында өткөн нааразычылык митингинде каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө 16-октябрда Ош шаарынан батир берген. Ташов батир бергенде президенттик шайлоо тууралуу мамлекетте сөз дагы болгон эмес. Ал эми президенттик шайлоого карата “бычым” 24-октябрда башталган.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 24-октябрдагы жыйынында ушундай чечим кабыл алынды.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга ылайык, мамлекет башчы отставкага кеткенде үч айдан кечиктирилбей мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүшү керек. Жээнбеков президенттиктен кете тургандыгын 15-октябрда жарыялады. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чечимин парламент бир апта аралыгында кабыл алууга тийиш эле. Жогорку Кеңеш чечим кабыл алчу мөөнөт 22-октябрда аяктады”, - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
Булак: NazarNews.kg