www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапониянын Тиба префектурасында куш тумоосунун чыгышына байланыштуу бир миллионго жакын тоокту жок кылуу чечими кабыл алынды. Грипптин бул түрү өтө уулуу деп айтылып жүрөт. Бул тууралуу MIR 24 агенттиги билдирди.
Жугуштуу оорунун «очогу» Исумидеги канаттуулар фабрикасында аныкталган деп айтылууда.
Тиба Японияда 2020-жылы бул илдетке чалдыккан 13-префектура болгон.
Ошондой эле бул сезон биринчи жолу борбордун префектурасы менен чектешкен аймакта аныкталды.
Эске салсак, ушул жылдын ноябрь айынын башында Японияда куш тумоосу эпидемиясы катталган. Натыйжада, буга чейин өлкө боюнча үч миллионго жакын тоок жок кылынган.
Рушана Султонова, Ташкент
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg