www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров Нарын облусунун Кочкор районундагы Мантыш айылында жайгашкан Кочкор аймактык ооруканасынын филиалынын   имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр калктын ден-соолугун сактоо жана чыңдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи. 

«Коронавирус инфекциясы күч алып турганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз аракети жана эл аралык шериктештердин жардамы менен жаңы ооруканаларды куруу жана аларды медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Бул оорукананы ачууга салым кошкон кайрымдуулук фонддорго ыраазычылык билдиребиз. Бул медициналык мекеме жергиликтүү элге стационардык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат», - деп белгиледи Равшанбек Сабиров. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, 1950-жылы салынган Кочкор районундагы Мантыш айылында жайгашкан Кочкор аймактык ооруканасынын имаратынын эскилиги жеткен. Жергиликтүү бийликтин кайрылуусунун негизинде эл аралык кайрымдуулук фонду 7 миллион сомго жаңы оорукана курууга жардам берди. 

Бул ооруканага УЗИ, рентген-аппараттары да коюлду. Ошондой эле тиш дарыгеринин жана кош бойлууларды төрөткө чейин көзөмөлдөө, даярдоо боюнча иш бөлмөлөрү ачылды. Жаңы курулган медициналык мекеме Кочкор районунун Ак-Талаа, Мантыш, Кызыл-Дөбө, Кара-Мойнок, Орток, Дөң-Алыш жана Комсомол айылдарынын тургундарына медициналык жардам көрсөтөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости