www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда кулчулукка кабылган адамдын жакындары табылды

Казакстанда кулчулукка кабылганы айтылып, Кыргызстанга кайта албай жаткан киши тууралуу маалымат декабрда "NazarNews" маалымат агенттигине өздүк булактар аркылуу билдирүү келген. Көп өтпөй социалдык тармактар аркылуу анын туугандары изделип жаткан.

Көп өтпөй ал киши Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну экени белгилүү болгон.

Эми кулчулукта жүргөн Шерипалы Эргешевдун жакындары табылып, үй-бүлөсү аны алып келүүгө аракет кылууда.

Бул тууралуу Аксы райондук администрациясынын аппарат башчысы Мирлан Саныбаев айрым маалымам булактарына билдирген. 

«Ал Аксы районунун Кой-Таш айылында 1960-жылы туулган Шерипалы Эргешев аттуу адам экен. Учурда ИИМге жана Тышкы иштер министрлигине арыз менен кайрылыптыр. Биз анын документтерине жардам берип жатабыз»-деген Саныбаев.

Эргешев буга чейин Базар-Коргон районунда, Шамалды-Сай шаарчасында жашап жүргөн экен. Тогуз жылдан бери дайынсыз болуп, табылбай жүргөнүн анын жакындары айтып беришкен.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости