www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Чүй облусунун 40-45 жаштагы тургунун кармады.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, «Мурат» аттуу адам «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун идеологиясын таратып жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Маалымат Жазык кодексинин 315-беренеси
(экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Д.Р. аттуу жаран «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экени аныкталган.

Шектүү Д.Р. ϴзбекстандан келип, жасалма паспорт менен жашап жүргөн. Ал Өзбекстанда 1995-жылы адам өлтүрүүгө шектелип, ошондой эле 2015-жылдан бери диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү катары эл аралык издөөдө жүргөн.

Кечээ, 23-декабрь күнү Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Чүй облусунун аймагынан 43 жаштагы Д.Р.ны кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости