www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал журналисттердин бир канча суроолоруна жооп берди.

Жыйындын жүрүшүндө NazarNews маалымат агенттигинин кабарчысы Камчыбек Ташиевге төмөндөгүдөй суроо салды:

Райымбек Матраимовдон башка өлкө казынасын уурдаган адамдар, депутат, министрлерге качан чара көрүлөт? Ошол эле күнөөсү далилденген Өмүрбек Бабановдун казынадан 13 млрд уурдаганы далилденген эле. Алар качан жазасын алат?

Буга төрага, «Мыйзамсыз байыган соттор, депутаттар, чиновниктер же болбосо ошол эле кримтөбөлдөр жазасын алып жатат», - деп жооп берди.

«Буга чейин айтып келе жатам, азыр да айтам. Мыйзамсыз байыган соттор, депутаттар, чиновниктер, ошол эле кримтөбөлдөр жазасын алып жатат. Ысымдарын атай албайм, бирок, азыр 8 жыл мурда кылмыш кылган депутатты кустуруп жатабыз.

Мен УКМКны баштап турганда, эч ким, бийик кызматта отурган адамдар жөнөкөй калктан бай жашабайт. Кустурабыз баарын! УКМКны баштаганыма эки ай болду, эки ай ичинде 2 млрд 700 млн сом өлчөмүндө акча өндүрдүк.

Эми алдыга койгон планым, 3млрд сомду эки айда эмес, бир айда ошончо акча өндүрүүнү пландап жатабыз. Мен бийликте турганда, ошол мыйзамсыз байыган чиновниктердин акчасы түгөнгөнгө чейин кустура беребиз», - деди Ташиев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости