www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадырбек Эшмурзаев атту жаран Ош шаарындагы сейил бактардын кароосуз калганына зээни кейип, УКМКнын төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичге чукул кайрылуу жасады.

Төмөндө Кадырбек Эшмурзаевдин кайрылуусу:

Менин Сизге кайрылуумдун себеби, аз убакыттын ичинде мыйзамсыз, адилетсиз, коррупциялык иштерге каршы күрөшүп жатканыңыз коомчулук тарабынан колдоого алынып, жакшы бааланып жаткандыктан, элдин үмүтүн актайт экениңизге ишеним чоң.

Коом оңолгондо ушул сейил бак оңолот деген лакап-сөз оштуктардын арасында кеңири тарады. 2005-2010-жылдардагы ыңкылаптан кийин заман оңолуп ушул бак көктөп калар деген ошол аймактын жашоочуларынын үмүттөрү таш капты.

Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө, Курманжан-Датка менен Гапар Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде шаардын тарыхый баалуулугу болуп эсептелген "Пионер" сейил багы Советтер Союзу урагандан бери эле кароосуз калып, көп дарактар кыйылып, кээ бирлери дарыкана, ашканалардын ичинде калды. Бирин-серин дарактар картайып 15-20 жылдык убактысы калды.

Ошол кичирайондун жашоочуларынын сураныч-каалоолорун эске алып, сейил бакка көчөт отургузуп, оңдоп-түзөп, көрктөндүрөлү деп, Ош шаарынын мэриясына беш-алты жылдан бери арыз жазып кайрылам, убада берет, иш аткарылбайт. Сейил бактын бир бөлүгүнө гана 2017-жылы жазында элүү түп көчөтү отургузулган. Жол тарабына ырксыз курулуштар курулган. Калган негизги бөлүгү ээсиз короодой болуп, шаардын көркүн бузуп кароосуз жатат.

Шаардын азыркы мэри Таалайбек Сарыбашевге да бир канча жолу арыз жаздым, натыйжасы арыз натыйжасыз калып жатат. Жеке менчикке сатылып кеткен деген да сөздөр бар. Баш мыйзамда сейил бактар жеке менчикке сатылбасын деген мыйзам бар.

Ош шаарынын башкы планы, деталдык пландарында "Пионер" сейил багы көрсөтүлгөн. Түбү, планы бар даяр жер каралбай, башка жерлерде жеке менчик турак үйлөр бузулуп бак болуп жатат.

Мэрия эмнегедир сейил бактын каралбаганын мамлекеттик сырдай жашырат. Сизден суранарыбыз, "Пионер" сейил багы жеке менчикте болсо мамлекетке кайтарып, мэриянын карамагына өткөрүп, мыйзамдуулукту орнотуп, "көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына" юридикалык жактан иштегенге мүмкүнчүлүк, шарт түзүп бериңиз.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости