www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакытка туш болгон тигүүчү кыз

Айнаш көп жылдан бери тигүүчү болуп иштеп, жакшы акча тапканы менен эмнегедир убакытка уттуруп, турмушка чыкпай, бойдокчулук заманды башынан өткөрүп келет. Айткандай “кыз бала бирөөнүн бүлөсү” деп айтылат эмеспи. Учурунда кыз теңин таап кеткени ата менен эне үчүн дагы жакшы көрүнүш экенин танууга болбойт. Айнаш кечке ток менен, материалдын чаңын соруп  иштеп тапкан акчасы көзгө деле көрүнбөй жок болуп, акыркы кездерде сабыры түгөнүп, сөз көтөр албай кыялы да бузулуп бара жатты.

Анан эмне кылат, күндө окшош күндөр эч токтобой өтүп жатат. Ал эми өзүнөн жаш кыздар эчак “эне” деген атка конуп, бала менен алек болуп, бир үйдүн ээси аталып, күйөөгө кам көрүп, жашоо сапарларын үй-бүлөсү менен алаксып өткүрүп жатышат.

Күнгө жекшемби эле. Мурунку күнү айлык алган Айнаш айтылуу Ош базарына келип, кыз кадасы кылып сулуулук салонуна кирип бети-башын боётуп, тырмактарына кам көргөн болуп сыртка чыкты да, курсагы ачканынан кафеге кирди.

Ал жакта киши көп болгондуктан, бошогон бир столго келип олтурса, жанына өзү курактуу жигит келип:

-Чоң кыз, бул жер бош болсо олтурсам болобу?-деп сурады эле,  Айнаш кош көңүл мамиле жасап, башын ийкеп жооп берген болду. Тиги жигит олтуруп жатып, Айнашка көз кырын салып, ичинен кубанып да алды. Анткени ар кимдин табити ар башка эмеспи. Айнаш канчалык мисирейип тенине албаса дагы, эмнегедир биринчи көз караштан жагып калганын тана албайт эле.

Экөөнүн берген заказдары бир убакта келип калып, тиги жигит:

-Чоң кыз, тамагыңыз даамдуу болсун!-деп айтканда гана Айнаш телефондон башын көтөрүп:

-Ырахмат!-деген жооп болду. Бирок ушул саам тиги жигиттин отту көздөрү жүрөгүн бир булкуп алды. Айнаш тамакка караган болуп ойго алаксыды “кап, баятан бери телефон чукулабай, бул балага көз салып койсом болмок экен” деп. Ушундай маанилүү убакытты дагы телефонго алаксып куру өткөргөнүнө ичинен нааразы болуп алды. Аңгыча тиги жигит:

-Чоң кыз, сиз абдан ажарлуу экенсиз. Эгер туура көрсөңүз таанышып албайлыбы?-дегенде Айнаш ушунчалык өзүн бир башкача сезип, дагы жүрөгү туйлап кетти. Анткени аны эч ким “ажарлуу экенсиз” деп, айткан эмес эле да. Мына бир ооз сөздүн күчү кандай... Андан дагы кыз бала үчүн жигиттен маанай көтөргөн сөз угуу эмне деген бакыт. Айнаш күлө карап, өзүнүн атын айтканда тиги жигит:

-Менин атым Олжобек-деп айтып, жылмайып койду. Бирок ошол бойдон ортодо эч деле маанилүү сөз козголгон жок. Айнаш ушул жерден “бул дагы мендей болуп өтүмү жок экен, сөзгө дагы жок экен” деп ойлогонго жетишти. Аңгыча Олжобек акырын гана:

-Айнаш, эгер макул болсоңуз телефон номериңизди бересизби? Мен сиз менен байланышып турсам кандай болот?-деп өтүмсүз үн катты. Айнаш макул экенини билгизип акырын сумкасынан кагаз алып чыгып, телефон номерин жазып аппак болгон колу менен сунду.

Олжобек ушундай бир берилүү менен кагазды алып, жагымдуу жылмайып, бир нерсе айтайын деп барып кайра унчукпай калды. Качан тамак жеп болушканда Олжобек өзү болбой тамактын акчасын төлөп, шашылыш экенин билгизип, ал жерден кетип калды. Айнаш эмнегедир ал кеткени ээн талаада калгансып, өзүн жалгыз сезип кетти.

Бирок Айнаш үчүн бул күн абдан көңүлдүү болду. Анткени бей тааныш жигиттен жагымдуу сөз укту да.

Арадан билинбей эки айдай убакыт өтүп кетти. Бирок Олжобек телефон чалган жок, анын телефон чалышын үмүт менен канча күттү. Ушул дагы себеп болдубу, эмнегедир акыркы кездерде сиркеси суу көтөрбөй, урушчаак да болуп бара жатты. Анын себеби өзүнөн алты жашка кичүү сиңдиси жакында турмушка чыгат. Буга чейин дагы бир сиңдиси турмушка чыгып, жакында эркек  төрөгөн. Эми минтип кичүү сиңдиси да турмушка чыкканы жатканы кантип ачуу келтирбейт. Арданып, акыркы кездерде ишке дагы чыккысы келбей, депрессияга кабылып, ачууга алдырып жүргөн кезде, ойдо жок жерден телефонуна чоочун номерден бирөө чалып калды. Бул ким?-деген ойдо колунан келишинче үнүн жай чыгарып жооп берген болду:

-Ало, бул Айнаш болду бекен, мен Олжобекмин!-дегенде, Айнаштын кулагы чуулдап, эч нерсени укпай калды. Анткени андан үмүтүн үзүп койгон эле да.

Жакшы маанай менен сүйлөшүп, кабагы дароо көтөрүлүп, көңүлү өсө түштү. Көрсө Олжобек ошол күнү шашылыш Россияга кетип, байланыша албай калганын айтты. Бул күнү Айнаш өзүн ушунчалык бактылуу сезип, жашоо көңүлдүү болуп, жоготуп алган баалуу буюмун таап алгансып абдан кубанды. Эртеси күнү экөө жолукканда Олжобек болбой ала качып кетип, Айнаш ушунчалык тез убакыт ичинде турмушка чыкканына эч ишене албай турду. Ооба, чыр салып олтурбай деле койсо болмок, бирок сиңдисинен мурда турмушка чыгып кеткенине абдан кубанды. Андан дагы Олжобектин чечкиндүүлүгүнө ыраазы болуп, ага турмушка чыкканына ичинен ыраазы.

Мына андан бери алты ай убакыт өттү, азыр курсагын ичиндеги баласы тээп, эне болуу бакытын күтүп жүргөн кези.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости