www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы дээрлик көпчүлүк саясатчылар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жоопко тартылышын талап кылып келишет. Анын бийлигинин тушунда болгон мыйзамсыз иштердин, коррупциялык ири махинациялардын бети ачылса да, ага карата мыйзамдуу аракеттер көрүлбөй жатканына таңкалгандарын жашырышпайт. Мына ушундай пикирдеги саясатчылардын жоон тобу «Бийликти узурпациялоонун кесепеттери» деген жыйынга чогулушуп, атамбаевчилерди жоопко тартуу маселесин бийликке талап катары коюшту.

– Эмилбек Саламатович, күздөгү курултайда да мурунку президент Атамбаевдин президенттик ишмердигине баа берилип, чечим кабыл алынып, бийликке жолдонгон. Бирок, талабыңыздар алиге дейре аткарыла элек. Бул жолку талаптарыңардан жыйынтык чыгарына ишенесиздерби?

– Былтыр ноябрдагы курултайда биз Атамбаевдин бийлигин кландык-авторитардык башкаруу катары таануу жана экс-президенттин кол тийбестигин алып, аны жоопко тартуу маселесин көтөргөнбүз. Кийинки бийликке сабак болушу үчүн экс-президент Атамбаевдин жана анын жан-жөкөрлөрүнүн жоопкерчилиги сөзсүз каралышы шарт. Анткени, ал алты жылдык президенттигинин учурунда бийликти узурпациялап, жеке кландык башкаруу түзүмүн куруп алып, мыйзамсыз башкаруу жүргүзгөн. Мыйзамсыз башкаруунун негизинде болуп көрбөгөндөй коррупциялык механизмдерди киргизген. ТЭЦ, музей ж.б. ири долбоорлордон каражат өөнөшкөнү далилденди. Демек, булар боюнча Атамбаевге да кылмыш иши козголушу керек. Атамбаев «бардык чечимдерди өзүм кабыл алгам» деп өзү моюнга алып жаткандан кийин, башкы прокуратура азыркы учурда ага кылмыш ишин козгоого милдеттүү. Азыркыдай күтүп отура берүү туура эмес. Анткени, Атамбаевди жоопко тартуу маселеси бул – өлкөдөгү мыйзамдуулукту калыбына келтирүү маселеси. Мындан ары да үй-бүлөлүк же жеке басар бийлик пайда болуп, дагы баягыдай таз кейпибизге келип калбайбызбы?..

– Башкы прокуратура, Жогорку Кеңеш бул маселени карабай жатканынын себеби эмнеде?

– Себеби, адат, көнүмүштөн чыга албай жатышканы. Прокуратура, Жогорку Кеңеш коркуп калган. Атамбаев «башка-көзгө койгулап», тың сүйлөгөн депутаттарды камап салды. Ошол синдромдон чыга албай отурушат. Минтип отура беришсе, анда жаманаты болуп, Атамбаев койгон «чимкирик» деген ылакап менен тарыхта калышат. Жок, андай эмес, парламент өзүнүн конституциялык укугун пайдалана алса, анда тамыры терең, коом үчүн өтө маанилүү маселени тез арада жайгарышы абзел.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

< Предыдущий

Последние новости