www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египеттен келген жин

Аманкулдун кызы илдетке кабылганы барбаган бакшысы, көрүнбөгөн көзү ачыгы калбай, акыры илгери үмүт менен Касым молдого алып келет. Келгенде дагы бешинчи класста окуган кызын албан субандай болгон эки-үч жигитке колу бутун таңдырып, араң дегенде көтөрүп машинага салып эптеп алып келишет. Молдоке кызды көрүп эле башын чайкап, абдан капа болуп, бир топко ойго алаксыйт да, анан Аманкулга кайрылат:

-Кап, эрте алып келгениңерде болмок экен. Кызыңардын ичине жин кирип кетип, ал турсун төлдөп дагы салган турбайбы. Карачы, кенедей кызыңдын бой келбетин. Азыртан эле эмчек- башы чыгып, чоң кыздардай болуп калганын. Ачыгын айтсам ичине кирип кеткен жиндин балдары, кызыңды көзгө чоң көргөзүп жатат-деп айтып, анан ишин баштайт.

Алгач дем салып баштаганда эле кыздын ичине кирген жин жан алы калбай кыйкырып, анан жалынып баштайт. Ан сайын молдоке:

-Кайдан кирсең ошол жактан гана чыгасың?!-деп күчтүү дубаны окуганда ичке кирип кеткен жин: - Чыкпайм, мени жайыма кой!-деп кыйкырып жатып алты айласы кеткенде араң чыгат.Ошондо ичте эми дагы кичине эки баласы калганын билип молдоке азыраак эс алып алган соң жинден сурайт:

-Кайдан келдиң эле?-дегенде жин:

- Мен мындан жети жыл илгери Египеттен келгем. Келип мен бул кызга мындан алты жыл илгери күлдү тебелеп ойноп жаткан кезинде таманынан кирип кеткем-деп айтканда, кыздын апасы дароо эстеди.

Анткени кызы кичине кезинде күл төгүлгөн жерде эси ооп жыгылып калганда, үйгө көтөрүп келгенин. Ошондон кийин кызынын мүнөзү болуп көрбөгөндөй өзгөргөнүн байкайт.

 Молдоке эс алып алган соң, китебин ачып алып кайра дубасын окуп баштаганда эле, жиндин бир баласы тез эле чыгат. Ал эми дагы бир баласы көпкө чейин чыкпай, абдан убара кылганда молдоке жинден суураса ал:

-Ал баламдын кулагы укпайт, ошол себептен сенин окуган дубаңды укпаган соң чыкпай жатат-деп айтканда молдоке алка-шалка тердеп, кайра-кайра окуганда гана жиндин экинчи баласы кыздын ичинен таманы аркылуу чыкканда, кыз ушунчалык катуу үшкүрүнүп жиберет да, шылк эткизе башын оң жакка бурулуп, уйкуга кетет. Ал эми кыздын ичинен чыккан жин, эки баласы  ээрчитип көздөн кайым болуп, дароо ал жерден караандарын үзөт. Бул окуяга күбө болгондордун  таң калгандан эстери ооп калат. Молдоке да катуу чарчап, эч сөзгө келбей олтурган жеринен кыйшайып ал дагы шалдырап жатып калат.

Качан молдоке эс алып, абалына келгенде гана кыздын атасы менен энесине:

-Ата менен эне балага көз болуш керек да. Жин-шайтандын ордосу күл төгүлгөн жер жана булганыч жерлер экенин билбейсиңерби? Негизи эле наристе бала эмес чоң кишилер дагы күлдү тебелебеши керек.

Карагылачы, кызыңар канча жылдан бери кыйыналып келгенин. Аз болгондо менин дагы алым жетпей калып, кызыңар абдан кыйналмак. Дагы жакшы учурунан кечикпей келип калганыңар. Эми кызыңарга сак болгула. Кызыңар алсыз болуп калды, жаман жерлерге бут басып барбасын-деп айтып, башка сөз айтпастын жер тиктеп ойго алаксып кетти.

Айткандай эле кыздын ичинен жин чыкканы баягы көкүрөгү тартылып, кадимки жаш кыздардай абалга келип калганы дароо байкалды.

Азыр андан бери көп болсо эки жылдай убакыт өттү, кыз жакшынакай эле мектепте окуп жатат. Айталы дегенибиз, балдарды жаман жерлерге ойнотпогула, молдоке айткандай жин-шайтан ошондой жерлерди байыр алат. Андан дагы азыр ар кандай азгырыктар бар экенин эске алган оң

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости