www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-УКМКанын мурдагы жетекчиси Мурат Сутанлиновдун аялы Гүлнара Суталинова, алты айласы кетип, эми Путинге “Адамкерчилик менен боорукерлик сакталышы керек. Сиз ооруп жаткан офицерге карата шылдыңдоо болуп жатканы боюнча мамилеңизди билдирип койсоңуз” деп кайрылуу катын жөнөттү.
Айткандай буга чейин Сооронбай Жээнбековго дагы күйөөсү Мурат Суталиновду “үй түрмөсүнө чыгарып бергиле” деп кат жазып кайрылган, бирок ыңгайлуу жооп ала албаган соң, илгери үмүт менен Путинге кайрылганын жана эгер Путинге кайрылса жогору жак ишти тездетеби деген гана ойго жетеленгенин ачык билгизди.
Айткандай Мурат Суталинов 2010-жылы апрель окуясына байланыштуу 20 жылга абакка кесилген. Учурда жаман илдет менен ооруп жатканын жалпы эл билет. “Жакшы аял эркектин жан жолдошу” дегендей, Мурат Суталиновдун түбөлүк жолдошу Гүлнара айым болгон аракетин кылып жатканына да туура баа бергенибиз оң.
Акыркы үмүтү Путинге барып такалган Гүлнара айымдын тилеги кабыл болуп, Мурат мырза абактан чыгабы же Путин “менин кандай ишим бар” деп коёбу аны убакыт көргөзөт.
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg