www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анын айтымына караганда, “шаардагы жана аймактардагы айылдардын айырмасы болбошу керек. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, социалдык объекттерди куруу, өлкө боюнча интернетти киргизүү иштери жасалып жатат. Республиканын бардык булуң-бурчунда заманбап, жогорку деңгээлде окуткан мектептер, ооруканалар жана бала бакчалар болушу кажет. Биздин жарандарыбыз, айрыкча балдар өздөрүн камкордуксуз сезбеши керек. Бүгүн бала бакчанын жоктугуна байланыштуу 400 миңге жакын бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бара алышпайт. Бул маселени чечүү боюнча күн сайын иштер жасалууда. Акыркы эки жылда эле 200дөн ашуун мектеп жана бала бакча курулду", - деди премьер-министр.
Эске салсак, 2020-жылды "Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы" деп жарыяланган.
Булак: NazarNews.kg