www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ПЛАНДАШТЫРУУНУ ЭМНЕДЕН БАШТОО КЕРЕК?

Бойго бүтүүнү пландаштырып баштаганда эле аял гинекологго, жолдошу урологго көрүнүүлөрү кажет. Алгач аял өзү моралдык жактан жана физиологиялык жактан даяр болушу керек. Биздин коом жаштарга аябай басым кылат. Башкача айтканда, үйлөнүшкөн соң 9 айдан кийин балалуу болушун күтөт. Болочок ата-эненин моралдык, материалдык, физиологиялык жактан даяр болуусу, баланы каалоосу наристенин ден соолугуна, психологиялык жактан туруктуу болуусуна чоң таасирин тийгизет. Идеалдуу пландаштыруу - бул бойго бүткөнгө чейин 2-3 ай мурун даярдык көрүп баштоо. Жубайлар толугу менен текшерүүдөн өтүп, дарылануу керек болсо дарыланып, бардыгы жайында болсо, витаминдерди ичип баштоосу керек.

КАНДАЙ ВИТАМИНДЕР КЕРЕК?

Фолий кычкылы

Негизги маанилүү витамин фолий кычкылы. Фолий кычкылы-түйүлдүктүн нерв системасын калыптандырууда негизги азык болуп саналат, ошондой эле кан жаратуу процессин жакшыртат. Фолий кислотасынын жетишсиздиги кыр арка омурткасынын өөрчүбөй калышына (спина бифида оорусу), эс тутумунун начар болушуна, аялдын өңүнүн кубарышына алып келет. Фолий кычкылын бойго бүткөнгө чейин алдын ала даярдык катары 3-4 ай мурун ичип баштоо зарыл. Тилекке каршы, көпчүлүк учурда аялдар бойго бүткөнүн кеч билишет, ошого кеч ичип башташат. Фолий кычкылын канча эрте ичип баштаса, ошончо жакшы. Мындан тышкары, кош бойлуу кезде жана төрөттөн кийин 3 ай күнүнө 400 мгдан ичүү керек.

Йод

Көпчүлүк айымдарга биздин күндө йод жетишпейт. Мунун өзү баланын өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Аялдар кош бойлуу кезинде богогун дарылашпайт. Йоддолгон тузду пайдалануу жакшы жолго коюлган эмес. Йод менен кошо ар түрдүү витаминдерди алып туруу да мааниге ээ. Бирок биздин келиндер ага такыр көңүл бурушпайт. Натыйжада, төрөлгөн балада йод жетишпесе бала ойдогудай өспөй, денелик жактан да, психикалык жактан да майып болуп калышы мүмкүн. Бул гормондор адамдын бардык системаларынын иштешине олуттуу салымын кошот. Деңиз жээгинде жашап, йодго бай балык, балыр жеп тамак-аш аркылуу алган элдерден айырмаланып, биздин табиятта йод жокко эсе. Йоддун жетишсиздиги богок оорусунун пайда болушуна себепкер жана баланын акыл-эси кем төрөлүп калуу коркунучун жогорулатат. Йод микроэлементин бойго бүткөндөн тартып төрөгөнгө чейин күнүнө 200 мгдан кабыл алуу зарыл.

Темир

Темир адамдын организмине керектелүүчү олуттуу микроэлементтердин бири. Темир организмдин кайра калыбына келүү процессин жакшыртат. Анын функциясы - кан аркылуу бардык органдарга жана ткандарга кычкылтек жеткирүү. Ал эми темирдин негизги кызматы - баланын мээсинин калыптануусун, өсүп-өнүгүүсүн камсыздоо. Темир микроэлементи кош бойлуу айымдын организмине күнүнө 60 мгдан керектелет. Темир муктаждыгынын кесепеттери:

—Аз кандуулук оорусуна чалдыккан балдардын дене жана акыл-эс жагынан өсүүдөн артта калышына;

—Иммунитеттин азайышына;

—Жугуштуу ооруларга тез чалдыгуусуна;

—Бардык оорулардын татаал өтүшүнө, барып-барып өнөкөт ооруларга айланышына;

—Кош бойлуулук процессинин оор өтүшүнө жана төрөттүн кыйын болушуна, эненин жана ымыркайдын өлүмүнө алып келет. Медициналык дары-дармектерди 1-2 ай үзгүлтүксүз колдонуу зарыл. Белок жана А1, В1, В2, С витаминдери камтылган тамактарды ичип-жеш абзел. Адамдын организми дайыма темирди керектейт. Тамак-аштар темирдин организмде болуп турушу үчүн бирден-бир булак болуп саналат. Ошондуктан адамдын тамак-аш рационун темирге бай азыктар: боор, тил, эт, балык, акшак (гречка, буудай, арпа), шабдаалы, курма, алмурут, алма, шпинат, ат кулак ж. б. түзүшү зарыл. Мында аскорбин кислотасы, тактап айтканда С витамини организмде темирди көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Ал эми кофе менен чайдын ар кандай түрлөрү, тескерисинче, буга тоскоолдук кылышы мүмкүн. Андыктан чайды тамак ичкенден 30-40 мүнөттөн кийин ичүү сунушталат.

ЭРКЕК КАНТИП ДАЯРДАНУУСУ КЕРЕК?

Жоопкерчиликтүү ата болочоктогу баланын төрөлүшүнө аялынын боюна бүткөндөн баштап даярданат. Башкача айтканда, жаман адаттарынан баш тартып, туура жана түз жашаганга аракет кылат. Жоопкерчиликтүү эркек кош бойлуу аялын доктурга чейин коштоп барып, анын туура тамактанышына, өз маалында уктап жана эс алышына кам көрүп, баласынын курсакта кандай жетилип жаткандыгына ар дайым кызыгып, аялынын кош бойлуу жана төрөт мезгилинде келип чыккан чыгымдарынын баарын көтөрөт. Жоопкерчиликтүү аталардын көпчүлүгү баласынын төрөлүшүнө катышат. Бойго бүтүүнү пландоого эркек да катышып, өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, витамин ичүүсү керек. Витаминдер комплексинде селен жана цинк сөзсүз болсун. Аталган элементтер сперматозоиддин сапатын жогорулатат. Себеби, мырзалардын тамеки чегүү, ичимдик ичүү жана башка зыяндуу адаттары, стресс болушу, экологиянын начарлашы уругунун сапатын төмөндөтөт. Урологго көрүнүп, анализ тапшырып бир сыйра текшерилгени ашыктык болбойт. Спермограммага тапшырса, сперматозоиддердин сапаты, алардын активдүүлүгү, сперманын башынын, куйрукчасынын сапаты текшерилет.

ТАМАКТАНУУ

Айым өзүнүнүн кош бойлуу экендигин билген күндөн баштап ар бир кыймыл-аракети болочок баласына түздөн-түз таасир этет. Ал эми 40 жума бою жеген тамак-аштан баланын акыл-эсинин өнүгүшү, ден соолугу, кыскасы, бүтүндөй жашоосу көз каранды. Кош бойлуулуктун алгачкы үч айында баланын органдарынын баары калыптанып бүтөт, андыктан, дал ушул учурда жеген тамактан көп нерсе көз каранды. КОШ БОЙЛУУ АЯЛДАРГА СУНУШ КЫЛЫНГАН АЗЫКТАР: —эт (майсыз), тооктун эти —балык —жумуртка (сууга бышырылган, куурулган) —жашылча-жемиштер —жемиштердин кактары —сөөктүү жемиштер —семичке (күн караманын, аш-кабактын) — буурчак өсүмдүктөрү (төө буурчак, жашыл буурчак) —бардык сүт азыктары —кара нан —көк чай

КОШ БОЙЛУУ АЯЛ ЭМНЕНИ ЭСКЕ АЛУУГА ТИЙИШ?

—Күнүнө 5-6 жолудан, бирок аз-аздан тамактануу; —Күн тартиби боюнча эмес, ачка боло баштаганда тамактануу; —Шашпай, тамакты майда чайнап, китеп окубай, телевизор көрбөй жагымдуу кырдаалда тамактануу; —Жатаарда өтө тоюп албоо;

СУНУШ КЫЛЫНБАГАН АЗЫКТАР:

—консерва

—ышталган колбаса

—козукарын

—ак нан, кондитердик азыктар

—кофе

—какао, шоколад

—балмуздак

—спирт ичимдиктери

—цитрус жемиштери, кулпунай, малина

ТӨРӨТТӨРДҮН ОРТОСУНДАГЫ АРАЛЫК

Төрөттөрдүн ортосундагы оптималдуу аралык 3-5 жыл. Боюнда бар ар бир аял контрацепция каражаттары тууралуу билип, үй-бүлөнү пландоо ыкмаларын колдонушу керек. Андан тышкары аял төрөт үйүндө көз жаргандан 2-3 күндөн кийин, эгер ден соолугу жайында болсо спираль салдыруу мүмкүнчүлүгүн колдоно алат. Себеби, эмизип жаткан аял өзүнө жана кийинки баласына бере турган тиешелүү витаминдерди чогултуп жетишпейт. Ал эми кош бойлуу аял үчүн витаминдердин жетишсиздиги кандай кесепеттерге алып келери жогоруда айтылды. Балдардын ортосундагы жаш аралыгы аз болгондо балдар да кыйналат. Үч жашка чейинки бала өзүнө жетиштүү көңүл жана көп убакыт бөлүнүшүн каалайт. Үй-бүлөдө наристени сөзсүз түрдө пландап туруп төрөш керек. Азыр көптөр контрацепция ыкмаларын билбегендиктен аборт жасаткандардын саны өсүп, ал эми төрөгөндөрдүн айрымдары наристелерин таштап кетишүүдө. Мындан улам бул түшүнүктү калкка кенен жайылтуубуз зарыл. Эгер кыз-келиндер бул ыкманы колдонушса, төрөттөн каза болгондордун үчтөн бири болсо да тирүү калмак. Бойго бүтүүнүн алдын алуу үчүн сөзсүз түрдө презерватив, спермицид же гормоналдык таблеткаларды колдонуу зарыл.

Сайкал Илиасова

Булак: “De-facto”

 

Последние новости