www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Абдыбек Кашымбекович, үй-бүлөлүк зомбулук көрүнүштөрү күчөгөнүнүн себебин сиз эмнеден көрөсүз?

-- Менин оюмча, мунун тамыры өтө тереңде. Биздин көп жарандарыбыз азыр чет өлкөлөрдө миграцияда жүрүшөт. Бир үй-бүлөдөн же атасы же апасы миграцияга кетет, балдары жакшы каралбайт. Канчалаган бала үйүнөн качып,  көчөдө кароосуз жүрөт. Кайыр сурап жүргөндөрү бар. Ээнбаштык, зомбулук дегендердин баары ошондон башталат. Туура, миграцияга тыюу салуу мүмкүн эмес. Бирок, кимдир бирөө сырт жактарга кетип жатса, жок дегенде “анын баласы кароосуз калбайт, жакын туугандарынын, же жергиликтүү бийликтердин, айыл активдеринин көзөмөлүндө болот” деген кепилдик болуш керек. 

-- Бирок, күйөөсү да, аялы да эч жакка кетпеген үй-бүлөлөрдө деле зордук-зомбулук болуп жатканын кандай түшүнсө болот?

-- Ооба, үй-бүлөдөгү зөөкүрлүктөр, күйөөсү аялын сабаган учурлар да бар. Бирок, менин жеке көз карашымда, эң массалык мүнөздөгү зомбулук миграцияга байланыштуу. Бир үй-бүлө буга чейин жакшы эле жашап жаткан. Бир күн эле аялы же күйөөсү Россияга кетип калат. Бир жылдап, кээде эки-үч жылдап келбейт. Анча-мынча акча салганы эле болбосо, балдарына моралдык эч кандай колдоо көрсөтө албайт. Бала энелик мээрим көрбөй чоңоёт. Маселенин тамыры ушунда жатат. 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости