www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Балбак мырза, 20 миллион доллардай акча мектеп директорлорунун жеке чөнтөгүнө түшүп жатканын айттыңыз. Бул кайдан алынган цифра?

- Бир мектепте беш-алты класс бар. “А”, ”Б”, “В”, “Г”... Бир сезондо орточо 40-50дөн бала окуйт. Анан ошону беш жүз доллардан эле көбөйтсөңөр. Аны жүзгө көбөйткүлө, себеби, Бишкекте жүз мектеп бар. Директорлор жаңыдан мектепке кирип аткандардан бери эле дегенде 500 доллардан алышат. “Мектепке жардам” деле дебейт, нагло эле сурашат. Болбосо балаңды албай коюшат. Ошондо Бишкек шаары боюнча 20 миллион доллардын тегерегинде акча болот. Мен Бишкек мэриясында аппарат жетекчиси болуп турганда өзүмчө эсептеп көргөм да. Муну элдин баары билет.

- “Кетпес хан” болуп алган директорлор да арбын го?

- Бар. Менин күчүм жетпей койгон да. Ошолордун баарын алмаштырыш керек. Реформа жасап, мэрияга караштуу мектептердин баарын билим берүү министрлигине өткөрүү, директорлорду ротациялоо зарыл. Кечээ “тегерек үстөлдө” жакшы пикирлер айтылды. Зыян келтирбей туруп катуу реформага баруу керек. Болбосо билим берүү системасын жоготуп алабыз.

- Ошондо жетекчиликке жаштарды тартуу керекпи?

- Тажрыйба керек. “Жаштар, жаштар” деп атып эмне болдук? Мен ушунча жыл көп кызматтарда иштедим, баары бир тажрыйба керек экен. Анан ниет, өлкөгө кызмат кылуу максаты болушу керек экен. Мамлекетке кызмат кыла турган мезгил келди го. Болбосо мындан ары да тереңдеп, абал оор боло бериши мүмкүн.

- Анда “замкнутый круг” болуп калабы? Жаштардын тажрыйбасы жок, картаңдар коррупцияга аралашып кетсе...

- Издеш керек. Жаштардын арасында кыйындары, тажрыйба алгандары бар. Аксакалдардан деле тазалары бар да.

Булак: Азия News гезити

Последние новости