www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө куралдуу кагылышуулардан жана куугунтуктан улам жер которууга аргасыз болгон качкындардын саны биринчи жолу 100 миллион кишиден ашты. Качкындардын санынын көбөйүшүнө Украинадагы согуш сыяктуу куралдуу жаңжалдар себеп болгонун Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги 23-майда билдирип, бул сан дүйнө калкынын бир пайыздан ашыгына барабар экенин белгиледи.

"Жүз миллион бул кооптуу сан. Мындай рекорд коюлбашы керек эле", - деп билдирди Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча комиссары Филиппо Гранди.

100 миллион адамдын арасында чет өлкөгө качкан адамдар, баш калка издегендер жана өз өлкөсүнүн ичинде жер которгон 50 миллиондон ашуун киши бар.

БУУнун маалыматына ылайык, 2021-жылдын соңунда дүйнөдөгү качкындардын саны 90 миллионго жеткен. Буга Эфиопиядагы, Буркина-Фасодогу, Мьянма, Нигерия, Ооганстан жана Конгодогу куралдуу кагылышуулар себеп болгон.

Орусияны Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын өзүндө 8 миллион киши жер которду. 6 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качты. Алардын арасында кайра Украинага кайтып келген жарандар да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости