www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кыргызстанды чалып жаткандар бар экенин айтты.

Ал мындай пикирин башкы прокурордун депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макул берүү сунушу каралып жаткан учурда билдирди.

"Кыргызстанды бирөө чала баштады. Жакын арада башкы прокурор (Курманкул Зулушев — ред.) менен Камчыбек Кыдыршаевичтин (УКМК төрагасы — ред.) каршылашын, тирешин көрөсүңөр. Аларды дагы чалып атат. УКМК жарандарды тыңшасын деген мыйзамга башкы прокурор кечээ каршы чыкты. Эми Адахан Кимсанбаевич кесиптешибизди шашылыш түрдө жоопко тартууга макулдук сурап жатат", — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал төрага Талант Мамытов дагы мурда куугунтук көргөнүн, президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы абакта жатканын эске салды.

"Мындан бир сабак алабызбы же жокпу. Протокол боюнча пандоранын ящигин ачпагыла. Эртең бирөөлөрдүн башына тиет ошол. Садыр Нуркожоевич, сизди бирөөлөр дагы бир жакка алып баратат. Ишенбеңиз. Ал протокол чатак", — деди Түлөбаев.

Эске салсак, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет сурак берип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости