www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго карата ачылган кылмыш ишин иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү.

Бүгүн башкы прокурор Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурап парламентке сунуштама жиберген.

Анын негизинде кылмыш ишин иликтеп чыгуу үчүн комиссия түзүлүп, курамына ар бир фракциядан бирден өкүл кирди.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы — Айбек Осмонов;

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы — Исхак Масалиев;

"Ишеним" фракциясы — Бахридин Шабазов;

"Ыйман Нуру" фракциясы — Динара Ашимова;

"Альянс" — Азамат Исраилов;

Элдик топ — Аманкан Кенжебаев.

Депутаттык комиссия бир айлык убакыттын ичинде ишти иликтеп, корутунду чыгарат. Андан соң жалпы жыйында депутаттар көчүлүк добуш менен кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берип же четке кагат.

Белгилей кетсек, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет сурак берип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости