www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марлен Маматалиев: «Эми товарлар арзандашы мүмкүн»

«Эми товарлар арзандашы мүмкүн, бирок кымбаттабайт», - деди бүгүн, 10-февралда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

- Марлен Абдырахманович, президент Пекиндеги кышкы олимпиадага барып, орчундуу маселелерди чече алдыбы?

- Президент Пекинде өткөн кышкы олимпиаданын арты менен көп иштерди сүйлөшүп, олжолуу келди. Тагыраагы, вакцина менен аскердик жардамдардын өзү эле 15 миллион доллардын тегерегинде болду. Ошондой эле чек ара толук ачылып, машинелер мурдагыдай тартип менен өтө турган болду. Буюрса, кытайдын товарлары кайра Кыргызстанга мурдагыдай эле келет. Эми товарлар арзандашы мүмкүн, бирок кымбаттабайт. Буюрса, мындан бюджетке да бир топ каражат түшөт.

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса канча пайда көрүшүбүз мүмкүн?

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса, 200 миллион долларга чейин Кыргызстанга пайда түшөт. Ошон үчүн темир жолду сөзсүз курушубуз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости