www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарына суу каналдарынын үстүнөн өткөн метро салсамбы деп ойлогом, бирок ага жетишпей калам. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Sputnik агенттигинде өткөн онлайн-брифингде билдирди.

Журналистин: "Бийлик буга чейин автобустар үчүн атайын тилке болот деп айткан эле, ошол долбоор боюнча айтып берсеңиз?",- деген суроосуна:

"Көп долбоорлор бар болчу. Бирок аларды ишке ашырууга мөөнөтүм бүтүп, жетишпей калам. Негизи Бишкекти аралап өткөн каналдардын үстүнө метро салсамбы деп ойлогом. Анткени калаада автобустарга өзүнчө тилке ача албайбыз, ал тургай жаңы автобус да ала албайбыз. Бишкекти кантип чоебуз? Шаардагы транспорт маселесин башка жол менен чечүү керек. Өзүңөр деле картадан карасаңар, Бишкекти эки суу аралап өтөт. Ошол суулардын үстүнөн өткүдөй метробус салып койсок шаардагы көйгөйдү чечмекпиз", — деди Түлөбаев. 

Мэрдин милдетин аткаруучу бул көйгөйлөрдү жаңы келе турчу мэр ойлонушу керектигине токтолуп: "Бизде жолдор даяр, суунун үстүнөн өтө турган метробустун линиясын куруп, иштетүү зарыл. Мындай метрону Япония, Кытай салды, кыргыз эмнеге сала албайт?! Насыя алып туруп куруш керек. Ал кайра өзүн-өзү актайт", — деди калаа башчынын милдетин аткаруучу.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости