www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаадагы мектеп, отканалардын баарын газга өткөрүү боюнча буйрук чыгарып жатам. Бул туурасында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, шаардагы абанын булганышынын эң негизги себеби - көмүрдөн чыккан түтүн.

--"Эгер көмүрдөн баш тартсак, ис, түтүн чыгырган сапатсыз көмүр жагууну токтотсок, аба тазарат. Бизде ыштын экинчи себеби — машинадан чыккан түтүн, үчүнчүсү — аба. Кышында Бишкектин абасы "камалып" сыртка тарап кете албай жатат. Буга байланыштуу мектептерди, мэрияга караштуу отканаларды газга өткөрөм", — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал шаарга керектелген 1000ге жакын автобустун газ менен иштей турганын аларын кошумчалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости